Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Италиянын президенти өкмөт башына саясатта тажрыйбасы жок юристти алып келди


Жузеппе Конте.
Жузеппе Конте.

Италияда жаңы премьер-министр дайындалды. Өлкөнүн президенти Серджо Маттарелла өкмөт башчылык кызматка юрист Жузеппе Контени сунуш кылды. Анын талапкерлигин парламентте көпчүлүк коалициядагы “Лига” партиясы жана “Беш жылдыз” кыймылы көрсөттү.

Эми жаңы премьер-министр өзүнүн министрлер кабинетин курап, парламенттин ишеним вотумун алышы керек. Президент менен жолугушкандан кийин Жузеппе Конте Италиянын кызыкчылыгын Евробиримдиктин институттарында коргоого убада берди. Конте кесипкөй адвокат, буга чейин саясатка аралашкан эмес жана парламентке да жологон эмес.

Италияда эки айдан бери өкмөт куралбай жатат. 4-марттагы парламенттик шайлоодо эч кайсы партия жеңишке жетишкен эмес. Анда мурдагы премьер-министр Сильвио Берлускони кирген оңчул коалиция, «Беш жылдыз» кыймылы жана социал-демократтар көбүрөөк орун алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG