Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Кызыл-Кыя: Кургак учук ооруканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Кызыл-Кыя шаары.
Кызыл-Кыя шаары.

Кызыл-Кыядагы район аралык кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасынын жооптуу кызматкерлери мекемеге бөлүнгөн бир миллион сомго жакын акчаны мыйзамсыз иштетип жибергени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, бейтапкана өткөн жылдын декабрь айында чарба, курулуш материалдарын сатып алууга жана ар кандай тейлөө кызматын пайдаланууга тендер жарыялаган. Сынактын натыйжасында бир жеке ишкер жеңүүчү деп табылган. Натыйжада мекеме менен ишкердин ортосунда 1 млн. 67 миң сомго келишим түзүлүп, акча сынактан уткан адамдын банктагы эсебине которулган.

Бирок акы төлөнгөн чарбалык товарлар жана курулуш материалдары оорукананын кампасына келип түшкөн эмес. Ал эми тейлөө жарым-жартылай аткарылган. Ал ортодо жогоруда аталган оорукананын эки кызматкери ишкердин кепилдиги менен анын банктагы эсебинен кайра 870 миң сомду алып алышкан.

Кийин ал кызматкерлердин бири оорукананын дагы 100 миң сом акчасын өзүнө ыйгарып алган. Натыйжада мамлекеттик бюджет жалпысынан 970 миң сом зыян тарткан.

Факты боюнча Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасы аталган оорукананын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 305-беренеси (“Кызмат абалынан аша чабуу”) жана 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу") менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG