Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Крымда элдик курултайдын делегаты кармалды


Крым. Иллюстрациялык сүрөт.
Крым. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия аннексиялаган Крымда полиция Крым-татар элдик курултайынын делегаты Асан Эгизди кармады. Бул тууралуу “Азаттыктын” “Крым.Реалии” кызматы өздүк булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, Эгиздин машинесин Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү токтотуп, андан ары жумуш автоунаасы менен белгисиз тарапка алып кетишкен. ФСБнын жергиликтүү башкармалыгы крым-татар активистине байланыштуу окуяга тиешеси жок экенин билдирди.

Крымды Орусия аннексиялап алгандан бери крым-татар улуттук кыймылынын мүчөлөрүнүн жана крым мусулмандарынын үйлөрү көп тинтиле баштаган. Алардын көбү Орусияда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөлүсү деп шек саналууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG