Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Жалал-Абадда жаштардын күчү менен сейилбак курулду


Жалал-Абаддагы жаштар аллеясы.
Жалал-Абаддагы жаштар аллеясы.

Жалал-Абад шаарында “Жеңиш” эс алуу багында жаштардын аллеясы ачылды. Жаштар иштери боюнча комитеттин башкы адиси Ороз Абдылдаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, аллеяга орнотулган жамгырдан тосмолонгон отургучтарды жана жарыктандыруучу устундарды кесиптик лицейдин окуучулары жасашкан.

Былтыр шаардагы жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында “10 тыйын” акциясы уюштурулуп, азыраак каражат чогулган. Шаардык мэриянын жана жеке ишкерлердин колдоосу менен студенттер өздөрү бакты куруп бүтүрүштү. Аллеянын ичине башка эс алуучу жайлар да курулууда.

Жалал-Абадда “Токтогул” жана “Жеңиш” деген эки эс алуу багы бар.(RsK)

XS
SM
MD
LG