Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Автоунааны газга өткөргөн устаканаларды аттестациялоо сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Ибраимжанов Мамлекеттик каттоо кызматынан өлкөдө канча автоунаага газ жабдыгы орнотулганын сурады. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Туйбаева жалпы өлкө боюнча 1 млн. 200 миңдей автоунаа каттодон өткөнүн, бирок газ жабдыгы орнотулган машинелердин санын тактап, анан айтаарын билдирди.

Эл өкүлү Ибраимжанов акыркы жылдары машинесине газ жабдыктарын орноткондор көп экенин белгилеп, муну жайылтууну сунуш кылды.

- Беш-алты жылдан бери улантылып жатат. Азыр 500 миңдей машине газга өтүп калды. Башка мамлекеттерде буга өтүшкөн. Өкмөттөгү кызматтык машинелерди деле өткөрүш керек. Бул эки эсе арзан. Автоунааларга газ койгон устаканалардын баарын аттестациядан өткөрүшүңөр керек, - деди депутат. (TSh)

XS
SM
MD
LG