Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Жалал-Абадда өтмөктүн курулушу сот аркылуу убактылуу токтотулду


Жер алдындагы өтмөктүн орду. Жалал-Абад шаары, 23-май, 2018-жыл.
Жер алдындагы өтмөктүн орду. Жалал-Абад шаары, 23-май, 2018-жыл.

Шаардын борборунда жер алдындагы өтмөктүн курулушу жеке ишкердин арызынын негизинде сот аркылуу убактылуу токтотулду. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, "Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде курулуш жүрүп жаткан аймак мага таандык" деп жеке ишкер Максат Орозалиев сотко кайрылган. Жалал-Абад район аралык соту териштирүүгө байланыштуу курулуш иштерин убактылуу токтотуу жөнүндө чечим чыгарды. Шаардык мэрия эми облустук сотко курулушту жандандыруу максатында даттанганы жатат.

13 млн. сомго бааланган өтмөктүн курулушу өткөн жумада башталып, аны 31-августка карата Эгемендүүлүк күнү ишке берүү пландалган эле. Шаардын жетекчилиги калаадагы унаа тыгындарын жоюш үчүн бул долбоор зарыл экенин билдирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG