Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:45

Ысык-Көлдө жааган кардын кесепети аныкталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-24-май күндөрү тоолуу аймактарга жааган кардын кесепетинен улам Ымык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында бир кашарды кар күрткүсү басып калган. Натыйжада 112 кой, бир уй өлгөн. Аймакка 30-40 см калыңдыктагы кар жааган. Ушундай эле кар Тамчы айылынын Кайкы жана Чок-Тал жайлоолоруна түшүп, мал зыянга учураганы тууралуу маалымат түшкөн. Учурда чыгашанын баасы такталып жатат.

Ошондой эле "Чырпыкты жайлоосунда мал кардын астында калды" деген маалымат Балыкчы токой чарбасынан келип түшкөн. Жардам көрсөтүүгө Чырпыкты айылынан бир техника менен 10 адам кетти.

Түп районундагы Сан-Таш айыл аймагынын Түп-Кеген жолуна, Каркыра жайлоосуна 30 см кар жааган. Чаркудук тилкесинде 50 см чейин кар түшүп, №4 жол тейлөө ишканасынын бир кар жүктөгүч, бир грейдери жолду тазалап жатат. Азыркы учурда Түп-Кеген жолу толугу менен бир тарапка ачылды.

Ак-Суу районунун Ак-Сай, Чымынды-Сай, Көк-Сай, Арашан, Алмалуу, Шахты жайлоолорунда 15 сантиметрден 1 метрге чейин кар түшүп, мал-жандыктарга зыян келтирилгени кабарланган. Бул аймактарда да кардын кесепеттерин аныктоо иштери жүрүүдө.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюш үчүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан өзгөчө кырдаалдар үчүн каралган акча каражатынын эсебинен алыскы жайыттардагы малга тоют сатып алууга жана жеткирүүгө 400 миң сомго чукул акча бөлүнгөн. (AsM)

XS
SM
MD
LG