Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:00

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу 15-июлга чейин камакта калды


Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

Алматынын соту Кыргызстандын жарандары: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун, Уланбек Мурадиловдун жана Эмилбек Көчөрбаевдин камак мөөнөтүн 15-июлга чейин узартты. Бул тууралуу Казакстандын маалымат агенттиктери Алматы шаарынын сотуна шилтеме кылып кабарлашты.

Алар быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында өткөргөн атайын операция учурунда кармалган 35 кишинин арасында болгон.

Казак бийлиги кармалгандардан "чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет" деп шек санаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту да бар экенин билдирген. Андан бери кыргыз бийлиги мурдагы депутатка укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө маселе көтөрө элек. (UE)

XS
SM
MD
LG