Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:37

Президент беш өлкөнүн элчилерин кабыл алды


Кыргызстандын Сооронбай Жээнбеков элчилерди кабыл алып жаткан учур.
Кыргызстандын Сооронбай Жээнбеков элчилерди кабыл алып жаткан учур.

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-майда Канаданын, Мексиканын, Эстониянын, Финляндиянын жана Кувейттин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Президент элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, өлкөлөрдүн мамилеси алардын жеке аракеттеринен көз каранды экенин белгиледи. Элчилердин аткарган иштери байланыштарды бекемдөөгө жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөөрүнө ишенимин билдирди.

Мамлекет башчы ар бир элчи менен түрдүү тармактарда кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашты. Ал Кыргызстан достук мамилелерди өнүктүрүүгө, мамлекеттер ортосундагы байланыштарды жана иш жүзүндөгү кызматташтыкты бекемдөөгө, соода-экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө зор маани берээрин белгиледи.

Эстониянын Элчиси Хейти Мяемеэс, Мексиканын Элчиси Альфонсо Зегме, Канаданын Элчиси Николя Бруссо, Финляндиянын Элчиси Микко Кивикоски, Кувейттин Элчиси Тарек Абдулла Аль-Фараж өз өлкөлөрүнүн Кыргызстан менен болгон достук байланыштарын тереңдетүүгө көмөктөшүүгө даяр экенине ишендиришти.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG