Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Ангела Меркел менен Си Цзинпин Бээжинде кездешти


Ангела Меркел жана Си Цзиньпин. Бээжин, 24-май, 2018-жыл.
Ангела Меркел жана Си Цзиньпин. Бээжин, 24-май, 2018-жыл.

Немис канцлери Кытайга иш сапары менен бүгүн барды.

Президент Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдүн алдында Ангела Меркел Бээжинде премьер-министр Ли Кэцян менен жолугушууда Кытай жана Германия ортосундагы диалогдун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Дал азыркы тушта Кошмо Штаттар менен соода мамиледен жана Вашингтондун Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыгышынан улам Берлин менен Бээжиндин камтамачылыктары окшош болуп турат.

- Эгер Кошмо Штаттар Иран боюнча дагы санкцияларды киргизсе, кээ бир европалык компаниялар Ирандан кетип, базарда башкалардын, анын ичинде Кытайдын компаниялары киргидей боштук жаралат. Бул Кытайдын кызыкчылыгы. Бирок макулдашууну (Ирандын өзөктүк программасы боюнча) сактоо биздин орток кызыкчылык, - деди Меркел Бээжиндеги басма сөз жыйынында.

Ал ошондой эле Германия менен Кытай адам укуктарынан тартып, илим менен технологияга чейин консультацияларды такай өткөрүп турушу зарылдыгына да токтолду.

Бул - немис канцлеринин Кытайга жаңы өкмөттү курагандан берки алгачкы сапары. Бээжинге чейин ал АКШга жана Орусияга барып келди.

Эл аралык Мунапыс уюму немис канцлеринин сапарын утурлай 23-майда Меркелди Бээжиндеги сүйлөшүүлөрдө НобельТынчтык сыйлыгынын ээси, маркум Лю Сяобонун жесири Лю Сяны үй камагынан бошотуу маселесин көтөрүүгө чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG