Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Кыйноого каршы борборго жыл башынан бери жүздөй арыз түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборго 2018-жылдын алгачкы төрт айында 93 арыз келип түштү. Бул тууралуу маалымат ушул борбордон алынды.

Бул арыздардын 44ү түздөн-түз кыйноого кабылган фактылар боюнча. Калгандарынын мазмуну соттолуучуну башка абакка которуу, камерадагы шарттын начардыгы жана башка маселелер тууралуу болгон.

Арыздарды камакка алынгандар, убактылуу кармоочу жайда жаткандар жана алардын ата-энелери жөнөтүшкөн. Улуттук борбордун кызматкерлери учурда бул фактылар боюна прокуратура менен чогуу иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Башкы прокуратуранын кыйноо боюнча статистикасы мындан башкачараак болушу мүмкүн. Башкы көзөмөл мекемесинин маалыматына караганда, былтыркы жылдын он айында 325 жаран кыйноого байланыштуу жардам сурап кайрылган. 2016-жылы Башкы прокуратурага кыйноого кабылгандардан 435 арыз келсе, анын 35ине иш козголуп, сотко өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG