Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Пхеньян: Трамптын Ким менен кездешүүдөн баш тартышы “жосунсуз"


Күтүлүп жаткан саммиттин урматына чыгарылган эстелик медалы.
Күтүлүп жаткан саммиттин урматына чыгарылган эстелик медалы.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо АКШнын президенти Дональд Трамптын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 12-июнга белгиленген жолугушуусунан баш тартышын “жосунсуз кадам” катары баалады. Өзүнүн “Твиттердеги” баракчасында ал Ким Чен Ынга болгон “ачык катты” жана аны жөнөтүү ыкмасын “таптакыр сыйлабастык” деп баалады.

“Түндүк Корея өзүнүн ак ниеттүүлүгүн көрсөтүүгө, анын ичинде бул аптада Пунгеридеги өзөктүк курал полигонун бузууга болгон күч аракетин аябады”,- деп жазды Ли Ён Хо.

Бейшемби күнү кечинде АКШнын президенти Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга ачык кат жазып, Түндүк Корея тараптан байкалган “эбегейсиз кыжырдануудан жана ачык кастыктан” улам узактан бери күтүлгөн жолугушууну азыркы тушта өткөрүүнү орунсуз деп тапканын белгилеген.

АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин саммити буга чейин 12-июнда Сингапурда өтөрү айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG