Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэринин кызматынан бошотулду


Салайдин Авазов.
Салайдин Авазов.

Салайдин Авазов берген арызынын негизинде Жалал-Абад шаарынын мэринин кызматынан бошотулду. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 25-майда кол койду.

Авазов "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык иштен бошотулду. Ал пунктка ылайык, шаар мэри өз арызы менен кызматтан бошотулат.

Салайдин Авазов КСДПнын мүчөсү. Ал Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу айыпталып, быйыл 17-апрелде камалган.

Ал "Электр станциялары" ишканасын 2012-2014-жылдары жетектеген.

Жылуулук электр борборундагы жемкорлук ушул күнгө чейин иликтенүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG