Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:12

Ат-Башыда калың карда жоголгон 600дөй кой-эчки изделүүдө


Калың кар астында калган кой. Ат-Башы, 24-май, 2018-жыл.
Калың кар астында калган кой. Ат-Башы, 24-май, 2018-жыл.

Калың кардан улам Нарындын Ат-Башы районунда жоголгон 600дөй кой-эчки изделип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 23-майда райондун Аксай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек жайлоосуна калың кар түшүп, бир чабандын 800 баш кой-эчкисинин дайыны чыкпай калган. Эртеси анын 200ү табылган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү, жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө. 

Кечээ Ысык-Көл районуна калың кар түшүп, миңден ашуун кой кырылып калды. (SE)

 

XS
SM
MD
LG