Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Өкмөт башчы "Достук" чек ара бекетиндеги кырдаалды тез жөнгө салууну тапшырды


"Достук" чек ара бекетиндеги кезек. 24-февраль, 2018-жыл.
"Достук" чек ара бекетиндеги кезек. 24-февраль, 2018-жыл.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев атайын жыйын өткөрдү. Анда өкмөт башчы жарандардан кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетинде түзүлгөн жагдай тууралуу көптөгөн арыздар түшүп жатканын айтып, бекетке кошумча күч тартууну жана каржы маселесин чечүүнү буйруду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев мындай кырдаалды кыргыз-өзбек чек-арасынан өтүп жаткан элдин көптүгү менен түшүндүргөн.

Абылгазиев Кыргызстандын жарандары жана өлкөгө кирип жаткан коноктор үчүн эч кандай ыңгайсыз абал жаралбашы керек экенин айтып, маселени тезинен жөнгө салууну тийиштүү органдарга тапшырды.

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары Өзбекстанга өтүүчү “Достук”, Казакстанга өтүүчү “Ак-Жол” өткөрмө бекеттериндеги абалды тез арада жөнгө салууну өкмөттөн талап кылган.

Кыргыз-өзбек чек арасында кезек күткөндөрдүн тыгыны жарым жылдан бери азайбай келатат. Айрыкча Ош жана Анжиян облустарынын ортосундагы “Достук” көзөмөл-өткөрмө бекетинде быйыл кыштан тартып жүк ташыгандар көбөйүп, ал кезек талаш, ызы-чуу менен коштолууда. Расмий маалыматка ылайык, бул жерден күнүгө 10-12 миң киши нары-бери каттайт. Мындай көрүнүш Жалал-Абаддагы “Маданият” өткөрмө бекетинде да болуп жатканы айтылууда. (KR)

XS
SM
MD
LG