Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Пхеньян Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө даяр


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Пхеньян "Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө дагы эле даярбыз" деп билдирди.

Кечээ АКШнын президенти Түндүк Кореянын лидери менен 12-июнга пландалган саммиттен күтүүсүздөн баш тартканы жарыяланган. Дональд Трамп буга Түндүк Кореянын "ачык кастыгынан" улам барып жатканын айткан.

Буга жооп кайтарып, Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ким Ке Хван Пхеньян Вашингтон менен талаш маселелерди "каалаган убакытта, каалаган жол менен" чечүүгө даяр экенин 25-майда билдирди.

Хван Трамптын чечими "күтүүсүз жана өкүнүчтүү" болгонун айтып, жолугушуудан баш тартуу эки тараптын мамилелери канчалык кыйын абалда экенин, "аларды оңдош үчүн саммит сөзсүз керек экенин көргөздү" деди.

"Дүйнөдөгү жана Корей жарым аралындагы тынчтык менен туруктуулук үчүн чечкиндүү кадамдарга даярбыз", - деп айтылат түндүк кореялык кабар агенттиги тараткан билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG