Ирактын соту жакынкы күндөрү Тажикстандын 13 жаранына өкүмүн чыгарат. Алардын баарды "Ислам мамлекети" радикал уюму менен байланыш үчүн айыпталууда. "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлагандай, 27-майда Багдад соту төрт аялга өкүм чыгарганы турат. Айыпталгандардын баары 19-25 жаштагы кыз-келиндер. Буга чейин Багдад соту төрт тажик аялды ушундай эле кине менен өмүр бою эркинен ажыраткан.
Тажик бийлиги бул маалыматтан кабардар экенин, бирок расмий Багдад ушул күнгө чейин анын расмий каттарына жооп бербей жатканын билдирди.
Тажик жарандары Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна 2013-жылдан бери кошула башташкан. Алардын расмий саны миңден ашкан, 400гө жакыны аялдар. Террордук топ жок кылынгандан кийин миңдеген аялдар камакка алынган. Алар учурда Багдаддагы лагерлерде кармалып жатышат. Буга чейин кармалып, соттолуп жаткандардын арасында кыргызстандык кыз-келиндер да бар экени айтылган.