Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:13

Макрон: Санкциялар Орусия менен долбоорлорго тоскоол болбоого тийиш


Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Владимир Путин.

Президент Эммануэл Макрон санкциялар Орусия менен Франциянын биргелешкен долбоорлоруна залакасын тийгизбөөгө тийиш деп эсептейт.

Бул тууралуу Макрон жума күнү Петербургда башталган эл аралык экономикалык форумдан кийинки жолугушууда айтты. Ал эки тараптуу мамилелердин айрым чөйрөлөрүн саясатташтырбоо керек деп, акыркы 10 жылда бир да франциялык ишкана Орусия рыногунан кетпегенин белгиледи.

Өз тарабынан президент Владимир Путин франциялык инвестициялардын көлөмү жетишсиз деп, Евробиримдик менен соода жүгүртүү акыркы жылдары эки эсеге азайганын белгиледи.

2014-жылы АКШ жана Еврошаркет Крымдын аннексиясы жана Украинанын чыгышындагы жикчилерди колдогондугу үчүн Орусияга каршы санкцияларды киргизишкен. Тизме улам кеңейтилип келатат.

Петербургдагы форумга 15 миңдей киши катышып жатат. Макрондон тышкары коноктор арасында Жапониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ, Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директору Кристин Лагард бар.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG