Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 25-майда кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында кабарланды.
Ушул эле күнү облус аппаратына жаңы башчыны биринчи вице-премьер- министр Кубатбек Боронов тааныштырды.
Буга чейин бул кызматты Улан Карагулов ээлеп келген.
Кесиби боюнча дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты, 60 жаштагы Туйгунаалы Абдраимов саламаттык сактоо министри, Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчиси, Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы кызматтарын аркалаган.