Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннес китебине кирди


Бешбармак даярдоо учуру. 11-март, 2018-жыл. Бишкек шаары.
Бешбармак даярдоо учуру. 11-март, 2018-жыл. Бишкек шаары.

Быйыл 11-мартта Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннестин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жазып чыкты. Анда Бишкектеги бешбармактын салмагы 1 464 килограмм болгону, «Аю Холдинг» жана LLC KazGrain ишканалары тарабынан рекорд коюлганы жазылган.

11-мартта Бишкектин “Аю Grand Comfort” соода жайында Гиннес рекорддор китеби үчүн 1 тонна 464 килограмм бешбармак, 117 метр чучук даярдалган. Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылган. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган.

Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы менен чогуу уюштурган.

2015-жылы Казакстандын Астана шаарында 736 килограмм бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорд китебине киргизилген.

XS
SM
MD
LG