Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:01

Бишкекте КДКнын 28 жылдыгына арналган жыйын өттү 


Кыргызстан демократиялык кыймылы, 1991-жыл.

Бишкекте бүгүн “Кыргызстан демократиялык кыймылы” (КДКнын) 28 жылдыгына арналган жыйын өттү. Бул тууралуу аталган кыймылдын төрагасы, укук коргоочу Турсунбек Акун "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде өткөн жыйынга 40тай киши катышты. Жыйынтыгында коомдогу орчундуу көйгөйдү коомдук ишмерлер, активисттер менен чогуу талкуулоо үчүн жыйын уюштуруу боюнча бийликке кайрылуу кабыл алынды.

“Кыргызстан демократиялык кыймылы” СССР таркап кетердин алдында Кыргызстанда коммунисттик режимге ачык атаандашкан саясий күч болуп чыгып, өлкөдөгү демократиялык жараянды тездетүүдө орчундуу роль ойногон. 1990-жылы Абсамат Масалиев башында турган коммунисттик бийликтин кулашына салым кошкон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG