Кыргызстанда 27-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33;
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 28...33;
Баткенде түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24;
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 22...27 градуска чейин жогору болот.
Бишкекте 27-майда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13...15, күндүз 31...33 градуска чейин көтөрүлөт.