Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Эрдоган: Орусия Түркия үчүн газды арзандатты


Режеп Тайип Эрдоган.
Режеп Тайип Эрдоган.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусия 2015-2016-жылдарда берилген газдын баасын арзандатканын билдирди. Эрдоган Эрзурумда шайлоо алдындагы митингде сүйлөгөн учурда жалпы 1 миллиард долларлык арзандатуу болгонун айтты.

Анын билдирүүсүндө, алгач орус тарап жеңилдикке баруудан баш тарткан, мындан улам Түркия эл аралык арбитражга кайрылган. Жыйынтыгында, мурда алынган газ үчүн 10,25 пайыз арзандатуу тууралуу келишимге жетишилген.

"Газпром" бул айтылгандарга комментарий бере элек.

2015-жылдын аягында Түркия менен Орусиянын мамилеси кескин начарлап кеткен. Буга Түркия Сирия менен чек арасында эреже бузду деген негиз менен орусиялык аскердик учакты атып түшүргөнү себеп болгон.

Орусия Түркиядан азык-түлүк ташууга чектөө киргизген. Кийинчерээк эки мамлекеттин алакасы калыбына келип, Кара деңиз аркылуу "Түрк агымы" газ түтүгүн куруу уланган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG