Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Сирияда орусиялык эки аскердик кеңешчи каза болду


Орусиянын Сириядагы СУ-30 учагы. Архивдик сүрөт.
Орусиянын Сириядагы СУ-30 учагы. Архивдик сүрөт.

"Итар-Тасс" агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен аскердик кеңешчилер бүгүн Сирияда согушкерлердин чабуулунда каза тапканын кабарлады.

Кол салуудан беш орус жоокери ар кандай жараат алган.

Буга чейин Сирияда 80ден ашык орусиялык курман болгону маалымдалган.

Майдын башында СУ-30М үлгүсүндөгү учак Сириядагы "Хмеймим" аэродромунан учуп чыккандан кийин Жер ортолук деңизинде кыйраган. Эки учкуч тең мерт болгон. Мартта АН-26 аскердик-транспорттук учагы кыйрап, 39 адам, негизинен орус армиясынын офицерлери, анын ичинде бир генерал каза тапкан.

XS
SM
MD
LG