Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Израил Газанын түштүгүнө абадан сокку урду


Израилдин F-15 үлгүсүндөгү тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Израилдин F-15 үлгүсүндөгү тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Израил армиясынын аба күчтөрү Газа тилкесинин түштүгүндө палестиналык ХАМАС кыймылынын позицияларына сокку урду. Мындан мурда Палестин автономиясынын бир нече жашоочусу Израилдин чек арасынан өтүүгө, тосмону бузууга аракеттенген. Аба соккусу буга жооп болуп калганы айтылат Израил армиясынын маалыматында.

23-майда Израил авиациясы ХАМАСтын позицияларына жана бир нече аскердик объектилерге сокку урган. Ал кезде Израил өз кадамын палестиндер тобунун чек арадан өтүшүнө каршы ок атуу катары түшүндүргөн.

Быйыл 30-марттан бери Израил менен Газа тилкесинин чек арасында израилдик аскерлер менен кагылышуулар 100дөн ашык палестиндин өмүрүн алды. Алтымыш киши 14-майда АКШ элчилигинин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүлүшүнө каршы акция учурундагы кагылышууда каза болду.

XS
SM
MD
LG