Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы эркиндикке чыкты


Сапармамед Непескулиев.
Сапармамед Непескулиев.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы Сапармамед Непескулиев үч жылдык жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыкты.

Сапармамед Непескулиев 2015-жылдын июлунда камакка алынып, эки ай дайыны билинген эмес. Кийинчерээк туугандары менен кесиптештери ал "Түркмөнстанда тыюу салынган трамадол каражатын сактаган" деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылганын маалымдашкан.

Камакка алуу Непескулиевдин Түркмөнстанды сындаган фото жана видеобаяндарынан кийин ишке ашкан.

Непескулиев өлкөнүн түштүк-батышындагы Балкан облусунда иштеп, суу, электр жарыгы, медициналык тейлөөдөгү кемчиликтер, Каспий деңизинин жээгинде айрым жергиликтүү чиновниктер хансарайларды салганын жазган.

Укук коргоочулар ал эркин көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын билдирип, түркмөн бийлигин журналистти бошотууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG