Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Ооганстандагы жанкечти жардыруусунан эки аскер набыт болду


Гилменд провинциясындагы ооган аскерлери.
Гилменд провинциясындагы ооган аскерлери.

Ооганстандын Гилменд провинциясындагы Над Али районунда "Талибан" кыймылынын согушкери унаасы менен кошо өзүн жардырып, андан эки ооган аскери мерт болду. 27-майда болгон окуядан дагы төрт жоокер жараат алганын Гилменд провинциясынын расмий өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, жанкечти жардыруучу заттарга шыкалган унаасын таң эрте жергиликтүү аскердик бөлүктүн жанында жардырып жиберген. Жаракат алгандардын айрымдарынын абалы оор болгондуктан курмандыктардын саны өсөт деп күтүлүүдө.

Бул чабуулга талиптер жоопкерчилик алышты. Гилменд провинциясында жылына 3 миллиард доллардык апийим өндүрүлөт. Маңзат соодасынан түшкөн каражат "Талибан" кыймылынын козголоңчул аракетин каржылоого колдонулат деп кабарланып келет.

Талибдердин жазгы чабуулдарынын жанданышы менен бул апта башындагы эки күн ичинде эле Ооганстандын түштүгүндөгү жардыруулардан жана түндүгүндөгү куралдуу чабуулдардан улам кеминде 32 адам набыт болгон. Бир жума мурда “Талибан” кыймылы ооган баш калаасында чабуулдарды күчөтөөрүн билдирип, кабулдуктарды “аскердик очоктордон” оолак болууга чакырган.

XS
SM
MD
LG