Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Эрдоган түрк жарандарын улуттук валютаны колдоого чакырды


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк жарандарын сактап келе жаткан доллар же евролорун түрк лирасына алмаштырууга үндөдү. Ал Түркиянын улуттук валютасынын куну түшүп кеткенин акча алмашуу системасына байланыштуу "кутум" деп мүнөздөдү.

"Жаздыгынын алдында доллар же евролору бар бир туугандарым барып, акчаңарды лирага инвестиция кылгыла. Биз бул кутумду чогуу токтотобуз",-деди Эрдоган 26-майда Эрзурум шаарындагы шайлоого арналган жүрүш учурунда.

Соңку бир айда түрк лирасынын долларга карата курсу 16 пайызга төмөндөп кетти. Борбордук банктын 23-майдагы валюта рыногун тескөө аракетинен кийин лиранын куну бир аз көтөрүлдү.

Түрк бийлиги улуттук валютанын нарксызданышын белгисиз чет өлкөлүк күчтөрдүн өлкөнү алсыратуу аракети катары сыпаттап жатат.

Түркияда 24-июнда мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоолор өтөт.

XS
SM
MD
LG