Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Испания: Жер ортолук деңизинде 400дөн ашык мигрант куткарылды


Жер ортолук деңизи аркылуу Европага сапар алган мигранттар, 2016-жыл.
Жер ортолук деңизи аркылуу Европага сапар алган мигранттар, 2016-жыл.

Испаниянын деңиздеги куткаруу кызматы дем алыш күндөрү Жер ортолук деңизинен 400дөн ашык мигрантты куткарганын кабарлады. Ал мигранттар Түндүк Африкадагы өлкөлөрдөн Европага өтүүнү көздөшкөн.

Жекшемби күнү Гибралтар кысыгында беш чакан кайыктагы 115 киши, андан бир күн мурда 9 кайыктагы 290дон ашуун мигрант куткарылган.

Испания Италия жана Грекиядан кийинки эле Түндүк Африкадан чыккан мигранттар эң көп багыт алган Европадагы үчүнчү өлкө.

Жыл сайын миңдеген мигранттар ортомчулардын жардамы менен Жер ортолук деңизин кесип өтүп, Испанияга жетүүгө аракет жасашат. Көбүнесе алардын кайыктары ачык деңиздин шарттарына төп келбейт. Андыктан жүздөгөн адамдар орто жолдо деңизге чөгүп кетет.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, 2017-жылы 22400 киши мындай жол менен Испанияга келген. Бул сан бир жыл мурункуга караганда үч эсе көп.

XS
SM
MD
LG