Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:02

АКШнын расмий өкүлдөрү Түндүк Кореяга барганы кабарланууда


Мун Чжэ Ин менен Ким Чен Ындын экинчи кездешүүсү, 26-май 2018-жыл.
Мун Чжэ Ин менен Ким Чен Ындын экинчи кездешүүсү, 26-май 2018-жыл.

АКШнын расмий өкүлдөрүнөн турган чакан топ Түндүк Кореянын аймагына өткөнү, алар президент Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ыктымал саммити тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөөрү кабарланууда. Бир катар Батыш басылмалары жазгандай, 27-майда бул делегацияны Түндүк Кореяга АКШнын Түштүк Кореядагы элчиси Сун Ким жетектеп барды.

Бир күн мурда АКШ президенти Трамп Ким Чен Ын менен 12-июнда Сингапурда өтөт делген саммитке даярдык уланып жатканын ишара кылган. Андан эки күн мурда эле Ак үй Трамп Түндүк Кореянын лидери менен күтүлүп жаткан саммитин токтотконун, буга расмий Пхеньяндын билдирүүлөрүндөгү "ачык кастык" себеп болгонун жарыялаган.

Кечээ Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кайрадан чек ара аймагында жолуккан. Бул кездешүүдөн кийин расмий Сеул Ким 12-июнга белгиленген саммитти өткөрүүгө макул болгонун кабарлаган.

Андан көп өтпөй Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги да Ким Чен Ын Трамп менен жолугушуу өтүшү керек деген "бекем эркин" билдиргенин жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG