Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:02

Казакстанда тепловоз кырсыкка кабылды


Актөбөдө көп кабаттуу үйдүн жанында рельстен чыгып кеткен поезд. Казакстан, 7-сентябрь, 2017-жыл.
Актөбөдө көп кабаттуу үйдүн жанында рельстен чыгып кеткен поезд. Казакстан, 7-сентябрь, 2017-жыл.

Ишемби күнү Казакстандын Маңгыстоо облусунда тепловоз темир жолго чыгып кеткен жүк ташучу машинени сүздү. Полиция кабарлагандай, жол кырсыгынан эч ким жабыркаган жок.

27-майдын кечинде «КТЖ-Жүк ташуу» компаниясы кырсык Курык-Порт-Ерсай темир жол бөлүгүндө болгонун билдирди. Маалыматка караганда, жүк ташуучу унаа күтүүсүздөн жолго чыга калганын көргөн машинист тепловозду чукул токтотууга аракет кылган.

Болжолдуу версия боюнча, кырсыкка жүк ташуучу машиненин айдоочусу күнөөлүү экени айтылууда. "Айдоочу алдындагы STOP деген эскертүү белгисине көңүл бурбастан темир жолго чыгып кеткен. Кырсыкты болтурбай коюуга мүмкүн болгон эмес. Жабыркагандар жок", — деп билдирди компаниянын басма сөз кызматы.

Окуя боюнча тергөө иштери башталды.

XS
SM
MD
LG