Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:24

Өзбекстандын жараны чек арада чоочун паспорт менен кармалды


Кыргыз-өзбек чек арасындагы Шаймерден бекети.

Өзбекстандын 47 жаштагы жараны 26-майда Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Шаймерден" чек ара бекетинен Кыргызстанга башка бирөөнүн паспорту менен кирүүгө аракет кылган. Чек арачылар паспорттогу сүрөт жана башка маалыматтар ал кишинин көрүнүшүнө туура келбей жатканынан шек санап калышкан. Сурак учурунда өзбекстандык жаран паспорт өзүнүкү эмес экенин мойнуна алган.

Тиешелүү документ иштери бүткөндөн кийин өзбек жараны жергиликтүү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

6-май күнү Баткен облусунун аймагында жайгашкан "Ак-Кыя" бекетинен унаанын жүк салгычына жашынып, Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жаран кармалган.

Айдоочу жана коңшу өлкөнүн тургуну Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөрүлүп берилди.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда бир канча жыл бою жабык турган кыргыз-өзбек чек арасы 2017-жылдын күзүндө ачылып, эл кайрадан ары-бери каттай баштаган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG