Мамлекеттик чек ара кызматкерлеринин кесиптик майрамына байланыштуу салтанаттуу иш-чара 28-майда Бишкектеги "Чек ара даңкы" гүлбагында өтөт. Ага Башкы штабдын жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары, чек ара кызматкерлери катышат.
Мындан тышкары, Мекен чегин коргоочулардын күнүнө карата бардык чек ара бөлүктөрүндө майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы өзүнчө түзүлгөнүнө быйыл 19 жыл толот. Андан бери бул кызмат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) курамына киргизилип, кайра өз алдынча мекеме болуп түзүлгөн. (ZKo)