Мындай маалымат менен бүгүн Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы журналисттерди тааныштырат. Анда чет мамлекетте жүрүп каза тапкан кыргызстандыктарды мекенине жеткирүүгө бир жолу төлөнүүчү көмөкпул жөнүндө кеңири айтылат. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз борбору "Азаттыкка" маалымдады.
Мамлекеттик миграция кызматынын буга чейин парламентте берген маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө каза тапкан мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга алып келиш үчүн берилүүчү кенемте акчаны алуунун тартиби жеңилдеген. Атайын жобонун негизинде мындай кенемте алыш үчүн жарандар болгону үч документ: маркум тууралуу медициналык мекемеден маалымкат, ишеним кат жана паспортун даярдайт. Кенемтенин жаңы суммасы - 50 миң сом. Бул акча бардык жарандар үчүн бирдей өлчөмдө берилет.
Мурунку убакта сөөк алып келиш үчүн мамлекеттен кенемте алууга милдеттүү түрдө 14 документ тапшырылып, аны комиссия бир айдын ичинде карачу. Кенемтенин өлчөмү 22 миң сомдон 35 миң сомго чейин бекитилген.
Былтыр Орусиянын бир эле Москва шаарынан Кыргызстанга 197 мигранттын сөөгү жөнөтүлгөн. (ZKo)