Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Депутаттар спортчулардын тамагына аз акча бөлүнүп жатканын сындашты


Спортчу балдар. Иллюстрациялык сүрөт.
Спортчу балдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары спортчулардын тамак-ашы үчүн мамлекет бөлгөн каражаттын аздыгын сынга алышты. Бул тууралуу эл өкүлдөрү парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин Республикалык олимпиадалык резервдер мектебин каржылоо маселеси боюнча окуу жайынын өзүндө өтүп жаткан көчмө жыйында билдирди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, маселени депутат Максат Эгембердиев көтөрүп чыкты:

"Өлкө аймагындагы мелдештерге катышкан спортчулар суткасына 109 сом алат. Алар бул акчага үч маал тамактанышы керек. Мындайча айтканда, бир маал иче турган тамагына орто эсеп менен 36 сом жумшайт экен. Ага кандай тамак келет? Түрмөдө отурган кылмышкерлерге деле ушунча акча сарпталат эмеспи. Абакта отурган адам менен мелдешке түшкөн адамдын айырмасы бар да. Анан кантип мыкты спортчулар чыгат? Эгерде биз аларды каржылоо маселесин жакшыртпасак, анда алардын ден соолугуна кедергиси тийет. Анда бул окуу жайынан мыкты спортчулар даярдалбай эле, ар кандай оорукчан жаштарды чыгарып калабыз”, - деген Эгембердиев.

Комитет мүчөсү Руслан Казакбаев кызматташынын пикирине кошулуп, “36 сомго тамак тургай бир чөйчөк кофе да келбесин” кошумчалады. Депутат Казакбаев ошондой эле олимпиадалык резервдер мектеби окуу куралдары менен 60-70 пайызга гана камсыздалганын, бир китепти 3-4 окуучу колдонуп жатканын айтты.

Республикалык олимпиадалык резервдер мектебинин директору Кадырбек Эргешов болсо окуу жайын оңдоп-түзөө иштерине 34 млн. сом керектелээрин билдирди.

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайы бул багыттагы өлкөдөгү бирден-бир окуу жайы болуп саналат. Анда 300дөн ашуун бала тарбияланат. (ErN)

XS
SM
MD
LG