Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Прокуратура Жайыл РИИБнин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") менен кылмыш иши козголду.

Жайыл райондук прокуратурасынын маалыматы боюнча, алар райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы кыздын бычакталышына байланыштуу айыпталып жатышат. Учурда иликтөө иштери башталды. Маалыматка ылайык, бул иш боюнча Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринин иши да иликтенет. Алар автоунааны токтоткон соң, рапорт жазган эмес, кармалгандардын жанында кесүүчү же атуучу куралдардын бар-жогун жана алардын баңгизат колдонуп же ичкилик ичкен-ичпегени аныкталган эмес.

Бул иштер Жайыл райондук милиция бөлүмүндө да жасалган эмес, кыз менен аны ала качып бара жаткан адамды бир бөлмөгө кароосуз калтырып коюшкан. Ушундан улам милиция бөлүмүндө киши өлтүрүүгө жол берилген.

27-майда Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” постунда 29 жаштагы айдоочу башкарып бараткан “Subaru Outback” үлгүсүндөгү машине токтотулган. Анда эки жүргүнчү - 30 жаштагы эркек жана 20 жаштагы кыз болгон. Алар Жайыл райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Кыз өзүн зордоп ала качып бара жатышканын билдирген.

Милиция кызматкери алардын документтерин толтуруп жаткан маалда кабыл алуу бөлмөсүндө отурган кызды ала качууга шектелген киши эшикти ичинен жаап алып, бычактап салган жана өзүнө да бычак урган. Милиция кызматкерлери бөлмөнүн эшигин талкалап кирип, аларды ооруканага жеткиришкен. Кыз алган жараатынан улам жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгон. Кол салган киши ооруканада дарылууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча ("Киши өлтүрүү") кылмыш иши козголгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG