Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Бүгүн Жогорку сот Садыр Жапаровдун ишин карайт


Садыр Жапаров. 2-август, 2017-жыл.
Садыр Жапаров. 2-август, 2017-жыл.

Бул тууралуу камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун коомдук жактоочусу Улан Жээналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шаардык соттун чечиминен соң Жогорку сотко кайрылууга жаңы президент келгенден кийинки “сот акыйкат карайт” деген үмүт негиз болгон:

- Жапаровдун камалышына Жумабаевдин арызынан баш тартканы негиз болду. Мурунку губернатор Эмил Каптагаев да "эч кандай доом жок" деп жүрөт. Ошондуктан азыр Жапаров камакта жөн эле, эч кандай негизсиз отурат. Жээнбековдун сот реформасы тууралуу сөзүнөн, аткарып жаткан ишинен соң, үмүтүбүз бар - эгер жогорку бийликтен сотторго эч кандай көрсөтмө болбосо Садыр Жапаров акталып чыгат.

Жээналиевдин айтымында, "Садыр Жапаровдон жабыркады" деген Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев да Жапаровду актап берүү өтүнүчү менен Жогорку сотко арыз берди. Азырынча бул өтүнүч качан каралары белгисиз.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу митингди уюштуруп, ошол кездеги губернаторду барымтага алуу боюнча айыпталып кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл, алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.

Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Саясатчы Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG