Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 08:02

Саратовдун соту майып адамдардын коомун "чет элдик агент" деп тапты


Саратовдогу майыптар коомунун өкүлү Екатерина Рогаткина.

Орусиядагы Саратов облустук соту аймактагы кант диабети менен ооруган майып адамдардын коомун "чет элдик агент" деп тапты. Буга байланыштуу сот бул уюмду "чет элдик агенттин функциясын аткаруучу коммерциялык эмес уюм тууралуу мыйзамды бузду" деген айып менен 300 миң рубль айыппул төлөөгө милдеттендирди.

Айыптоочу тарап уюмдун жетекчиси Лариса Сайгинанын "Ачык канал" менен болгон маегин президент Путинди каралоо аракети деп эсептеген. Маекте Сайгина өзү жетектеген уюмдун ишин текшерүү Владимир Путиндин студенттик штаб башчысынын өтүнүчү менен жүргүзүлгөнүн билдирген. Сайгинанын маеги Орусиядагы президенттик шайлоого чейин эфирден кеткендиктен, прокуратура муну "чет элдик агенттин" шайлоо алдындагы аракети катары баалады.

Майыптар коомунун төрайымы соттун чечимине каршы апелляциялык арыз жазмакчы.

Саратовдогу майыптар коомунун текшерилишине медик-студент, Путиндин президенттик шайлоо алдындагы штабын жетектеген Никита Смирновдун арызы негиз болгон. Смирнов "майыптар коому чет элдик компаниялардын акчасына жашайт" деген шек менен прокуратурага кайрылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG