Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Тажикстанда өз жанын кыюуга аракет кылган аялга жардам көрсөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда Яван шаарынын тургуну Хосият Шарифова майдын башында өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган. Ал Сарыкамыш дарыясына барып секирген, анын артынан үч жашар баласы да сууга боюн таштаган.

Эне-баланы окуя болгон күнү ошол чөлкөмдө жүргөн жергиликтүү жашоочу Халим Кодиров куткарган.

«Мен үйгө келатып, "апам чөгүп баратат" деп ыйлаган кызды көрдүм. Дарыяга секирип, алгач баланы, анан апасын куткардым. Аял эс-учун жоготуп коюптур, эсине келгенге жардам бердим», - деди куткаруучу.

30 жаштагы Хосият Шарифова мындай кадамга үй-бүлөгө карамы жок, чет өлкөдө иштеп жүргөн күйөөсүнө, кайын-журтуна каршылык билдирүү максатында барганын билдирди.

«Күйөөм Орусияда иштеп жүрөт. Кайненем жана кайын сиңдилерим жаман мамиле кылышат. Мени каралаш үчүн ар кандай шылтоо табышат. Күйөөм акча салбайт. Акыркы жолугушканда мындан ары мени менен жашагысы келбей калганын айтты. Ошентип, үйдөн чыгарып коюшту», - деди Хосият.

Хосият Шарифовдун күйөөсү Шодмон Ражабов болсо аялы менен ыркы келишпей ажырашканын, балдарына дайыма акча жөнөтүп турарын айтты.

Суицид аракети боюнча фактыны Яван шаардык прокуратурасы иликтеп жатат. Үч жума ооруканада жатып чыккан Хосият азыр убактысын балдары менен өткөрүүдө. Өзүнө кол салууну көздөгөн аялга психосоциалдык жардам көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG