Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:34

Айгүл Рыскулова Бишкектин вице-мэрлигинен кетти


Айгүл Рыскулова.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова кызматынан кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында жарыяланды. Арызды ал өз каалоосу менен жазган.

Рыскулова бул кызматка 2014-жылы дайындалган. Ортодо Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп убактылуу иштеген.

Вице-мэрлик орунда Айгүл Рыскулова саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык-маданий тармакты тейлеп келген. Бүгүн шаардык кеңештин сессиясында ал 2017 жана 2018-жылдын биринчи кварталы үчүн отчет бермек. Кызматтан кеткенине байланыштуу вице-мэрдин отчету сессиянын күн тартибинен алынып салынды. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG