Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Саясатчы Садыр Жапаровдун соту 5-июнга калды


Саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери. 29-май, 2018-жыл.
Саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери. 29-май, 2018-жыл.

Жогорку соттун коллегиялык соту камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кароону 5-июнда, саат 14:30да карамай болду. Буга ишти карай турган үч судьянын бири ооруп, келбей калганы себеп болду.

Соттун жактоочуларынын бири Бактыбек Асамудинов коомчулукта резонанс жаратып, бир-эки ай мурда жарыяланган соттук отурумга судьялардын биринин келбей калышын сынга алып, "чогулгандарды сыйлабастык" катары баалады.

Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын кабыл алып, соттук отурумду 29-майга белгилеген. Буга байланыштуу Жогорку соттун алдында саясатчынын элүүдөн ашык тарапкерлери чогулган. Алар соттон ишти калыс кароону, Жапаровго боштондук берүүнү талап кылышты.

Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, шаардык соттун чечиминен кийин алардын бир жылга чейин Жогорку сотко кайрылууга укугу бар. Жаңы президент келгенден кийин “сот калыс карайт” деген үмүт пайда болуп, эми гана даттанышкан.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу митингди уюштуруп, ошол кездеги губернаторду барымтага алуу боюнча айыпталып кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл, алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.

Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Саясатчы Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG