Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:46

Жети-Өгүздө окуучулар мушташып, бир бала ооруканага түштү


Иллюстрациялык сүрөт.

Жети-Өгүздө окуучулар мушташып, бир бала бычак жеп ооруканага түштү. Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, 28-майда райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага Оргочор айылынын 17 жаштагы тургуну бычакталып "Тез жардам" кызматы менен түшкөнү тууралуу билдирүү болгон. Териштирүү учурунда жабыркаган бала 27-майда Бишкектен Оргочор айылына келгени аныкталган.

Ошол эле күнү түнкү саат 23.30дар чамасында айылдашы менен жолугуп, ал коңшу Светлая Поляна айылындагы сүйлөшкөн кызы менен жолугуп келүүнү сунуш кылган. Кыздын тууганы достору менен жолугушууга келген балдарды сабаган.

Мушташ учурунда 17 жаштагы баланын бөйрөк тушуна бычак сайылган.

Жабыркаган бала райондук ооруканага жеткирилген. Ал Ысык-Көл облусунун биргелешкен ооруканасына которулуп, операция жасалды. Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп. (AsM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG