Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Индия АКШнын санкцияларына карабай Иран менен соода кылат


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.

Дели АКШнын санкцияларына карабай Иран жана Венесуэла менен соодасын уланта берет. Бул тууралуу кечээ Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараи Ирандын тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Мохаммад Жавад Зариф менен жолугушуунун алдында басма сөз жыйынында билдирди. Ушу тапта Индия Ирандан мунай сатып алган өлкөлөрдүн сап башында турат.

Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгуу боюнча Вашингтондун чечимине комментарий берип жатып, министр Дели кайсы бир өлкөлөрдүн эмес, БУУнун гана санкцияларын аткараарын белгиледи. Министрлердин кездешүүсүнөн кийин Индия өкмөтү жасаган билдирүүдө Зариф Европа, Орусия жана Кытай лидерлери менен сүйлөшүүлөрүнүн мазмуну менен тааныштырганы айтылат.

Өткөн жума күнү Венада болгон жолугушууда өзөктүк келишимди сактап калуунун жолдору талкууланган. Индия АКШ Тегеранга каршы киргизген буга чейинки санкциялар учурунда да Иран менен соодасын токтоткон эмес. Бирок Улуттар Уюму жазалоочу чараларды колдогондон кийин, 2006-жылы Ирандан келген мунай импортун азайткан.

XS
SM
MD
LG