Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 17:20

Аскер кызматкерлери жаңы конуштуу болушту 


Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери үчүн салынган үйдүн салтанаттуу ачылыш аземине катышты. 29-май, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери үчүн салынган үйдүн салтанаттуу ачылыш аземине катышып, батирлердин ачкычтарын тапшырды. Мамлекет башчы армиянын баркы көтөрүлүп, жоокердик милдетин аткарууну каалаган жаштардын көбөйүп жатканын айтып, “учурдун талабына жооп бере турган армия түптөлдү” деп белгиледи.

“Жалпысынан алганда 2481 батирлүү 77 турак жайлардын курулушу аяктады. Азыркы учурда 1250 батирлүү 22 объектинин курулушу жүрүп жатат. Бүгүн 54 жаңы батирдин ачкычтары тапшырылат. Бул мен үчүн абдан жагымдуу иш-чара”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы ден соолукту чыӊдоого багытталган спорт аянтчасын курууга 300 миӊ сомдук сертификат тартуулап, жаңы батирлерди карап чыгып, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү менен баарлашты.

Бүгүн эгемен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 26 жыл толду. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG