Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Ооганстандын чыгышындагы рейдде карапайым кишилер өлдү


Нангархардагы операция учурунда жарадар болгондордун бири. 29-май, 2018-жыл.
Нангархардагы операция учурунда жарадар болгондордун бири. 29-май, 2018-жыл.

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү Нангархар провинциясында адашып рейд жүргүзгөн учурда 9 киши окко учту. Губернатордун басма сөз катчысы Атаулла Хогияни дагы 8 киши, арасында бир аял менен анын жаш баласы жарадар болушканын билдирди. Окуя териштириле баштады.

Айрым маалыматтарга караганда, курман болгондордун арасында жергиликтүү полиция башчысы жана парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Фазилла Муслимьярдын жакындары да бар. Атышуунун добушу чыкканда аскерлер турак жайга рейд жасашкан. Бирок операция аяктаганда, мерт болгондордун көбү жайкын тургундар болуп чыкты.

Пакистан менен чектешкен Нангархарда быйыл зордук-зомбулук кыйла күчөдү. Коопсуздуктун начарлашынан улам ушул айда губернатор кызматынан алынган. Ооганстандын чыгышында "Талибан" кыймылы менен катар “Ислам мамлекети” радикал тобу да өтө жигердүү.

XS
SM
MD
LG