Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 12:29

Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика – Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев Баткен, Ош бажысынын жетекчилеринин иш бөлмөсүнөн тыңшоочу аппараттар табылганын бүгүн комитет жыйынында билдирди. Ал бул фактыга укуктук баа берилбей жатканын, иш козголуп, ким, эмнеге тыңшап жатканы аныкталышы керек экенин айтты. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет ушул маселе боюнча башкы прокурорго протоколдук тапшырма берди.

Кыргызстандын Баш мыйзамында жарандын кат алышуусунун, электрондук байланыштарынын жана телефондук сүйлөшүүлөрүнүн купуялыгы мамлекет тарабынан корголо тургандыгы көрсөтүлгөн. Ал эми мыйзамдуу тыңшоо жүргүзүү "Ыкчам иликтөө ишмердүүлүгү жөнүндө" жана "Электрондук жана почта байланыштары жөнүндө" мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт.

Кийинки жылдары массалык башаламандык жана бийликти күч менен басып алууну даярдоо боюнча айыпталгандардын дээрлик көпчүлүгү ошондой тыңшоонун негизинде кармалган. Алардын айрымдары соттолуп, учурда жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бирок оор кылмышка айыпталгандардын жазылып алынган аудио жана видео далилдери канчалык мыйзамдуу жолдор менен алынганы адатта ачык айтылбайт. (КЕ/ЕВМ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG