Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Жамшитов: “Белизгейт” боюнча ал өлкөдөн жооп келе элек


“Белизгейт” жаңжалы боюнча Америкадагы Белиз өлкөсүнөн жооп келе элек.

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди. Комитеттин төрайымы Наталья Никитенко бул иш боюнча Башкы прокуратура үч жылдан бери үн катпай жатканын айтып, өз көзөмөлүнө алууну Жамшитовго тапшырды.

Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

​"Ата Мекен" юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдирип келет. Бул чатак боюнча экс-президент Атамбаев да пикирин билдирип, Белиз өлкөсүнөн келгени сөз болгон документтер жасалма болуп чыкса, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев жооп берээрин эскерткен.

Ушундан кийин Башкы прокуратура жана УКМК "Белизден алынды" деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы коомчулукка ушул күнгө чейин айтыла элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG