Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 06:44

Киевде орусиялык журналист Аркадий Бабченко киши колдуу болду


Аркадий Бабченко.

Украинада орусиялык журналист Аркадий Бабченко киши колдуу болду. Ал 29-май күнү кечке жуук Киевдеги азык-түлүк дүкөнүнөн үйүнө кайтып келе жатканда белгисиз бирөөлөр артынан үч жолу атышкан. Батирине кире бериште жаткан жеринен жарадар журналистти жубайы таап алган. Бабченко "Тез жардам" унаасында үзүлгөн.

Киев полициясы журналисттин өлүмүнө эки божомолду - Бабченконун жарандык позициясын жана кесиптик ишмердүүлүгүн байланыштырууда.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети бул окуяга байланыштуу украин бийлигине кайрылып, Бабченконун өлүмүн тез жана так иликтөөгө чакырды.

Украин полициясы журналисттин өлтүрүлүшү боюнча "Атайылап киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ага кол салган кишинин болжолдуу сүрөтүн жарыялады.

Бабченконун өлүмү боюнча кылмыш ишин Орусиянын Тергөө комитети да козгоду. Мекеме "Орусиянын жарандарына карата жасалган оор кылмыш көңүл сыртында калтырылбайт" деп маалымдады.

Мурдараак Бабченко өзүнө "президенттин ишенимдүү адамынан" коркутуу болуп жатканын жазып, бирок жорумун өчүрүп салган. Анткен менен анын шилтемеси "Твиттерде" сакталып калган.

Аркадий Бабченко эки чечен согушуна катышкан. Аскер кызматынан кийин ал аскердик кабарчы катары иштеп, көптөгөн маалымат каражаттары, анын ичинде "Новая газета" менен кызматташып жүргөн. Журналист орус бийлигин көп сындаганы менен белгилүү болчу. Ал Орусиядан өткөн жылы чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG