Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:10

УКМК: Мыйзамсыз бөлүнгөн жер тилкелери боюнча эки кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында мыйзамсыз бөлүнүп берилген жер тилкелерине байланыштуу эки кылмыш иши козголуп, тергелүүдө. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Разаев билдирди:

- Мэрия тараптан мыйзамсыз бөлүнүп берилген жер тилкелери боюнча "Коррупция" беренеси менен эки кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Жанарбек Акаев, Акылбек Жамангулов Бишкекте айрым жерлердин жеке менчикке кандайча берилип кеткенин иликтөөнү талап кылган болчу.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Бишкектин түштүк аймагындагы "республикалык административдик-маданий иш борбору курулат" деп айтылган 187 гектар жердин чоо-жайын иликтеген. Анда ал жер 22 гектарга азайганы аныкталган. Калганы мэриянын чечими менен жеке жактарга ижарага берилип кеткен. (RK)

Борбордогу “майлуу” жерлер кимдики?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:59 0:00

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG