Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Ысык-Көлдө калың кардан 3,5 миң кой кырылганы такталды


Караколдо кырылган койлор.
Караколдо кырылган койлор.

Ысык-Көл облусунда калың жааган кардан кийинки материалдык чыгым, баштапкы эсеп боюнча 20 327 680 сомду түздү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, калың кардан облустун Ак-Суу, Тоң, Ысык-Көл, Түп райондору зыян тартты.

Акыркы маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 119 жылкы, 98 уй жана 3 миң 379 баш кой кырылды.

Ысык-Көл облусунда 23-24-майда калыңдыгы 50 сантиметрге чейин жеткен кар жааган.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда да калың карда 800 кой-эчки жоголгон. Жандыктардын 215инин өлүгү табылган, 100дөн ашыгы изделип жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG